Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 «Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 129-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 “Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- расмий тилдеги аталышында «утверждения» деген сөз «утверждении» деген сөз менен алмаштырылсын;
- преамбуладагы «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 228» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 129» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев