Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги №194 “Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын, инфекциялык жана мите оорулар боюнча эпидемиялык абал оорлошкон өзгөчө кырдаал жана табигый кырсык жаралган учурларда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чараларды ыкчам арада уюштурууну камсыздоо, карантиндик жана өзгөчө кооптуу ооруларга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги №194 “Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жободо:
- 12-пункттун 3-абзацындагы “Саламаттык сактоо министрлиги” деген сөздөрдөн кийин “жана КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык фонду” деген сөздөр менен толукталсын.
- 18-пункттагы “Саламаттык сактоо министрлиги” деген сөздөрдөн кийин “жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык фонду” деген сөздөр менен толукталсын.
- 2-глава төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“2-глава. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын ишке ашыруучу адамдарга компенсация төлөө тартиби
19. Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иштерине атайын тартылган саламаттык сактоо системасындагы кызматкерлерге жана башка ведомстволор жана кызматтардын персоналына негизги эмгек акысынан тышкары компенсациялык төлөмдөр төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
1) убактылуу уюштурулган изоляторлордогу, стационарлардагы/госпиталдардагы, обсерваторлордогу жана мобилдик топтордогу карантиндик-казармалык абалда жаткан кызматкерлерге:
- врачтарга жана административдик-башкаруу кызматкерлерине – карантидик-казармалык режимде иштеген ар бир күнү үчүн 23 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- жумушка атайын тартылган орто медициналык кызматкерлерге жана башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерине – карантиндик-казармалык режимде иштеген ар бир күнү үчүн 20 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- убактылуу уюштурулган изоляторлордо, стационарларда/госпиталдарда ишке атайы тартылган кенже медициналык кызматкерлерге жана башка жумушчуларга, мунун ичинде башка кызматтардын жана ведомстволордун ушундай эле кызматкерлерине –карантиндик-казармалык режимде иштеген ар бир күнү үчүн 18 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
2) изоляторлордо, стационарларда/госпиталдарда, обсерваторлордо контакктагы адамдар катары болгон жана карантиндик-казармалык абалда иштегенден кийин милдеттүү изоляцияда болууга тийиш саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине – жана башка ведомстволор жана кызматтардын персоналына иштерин аткаргандан кийин изоляцияда болгон ар бир күнү үчүн жана карантинде болгон ар бир күнү үчүн 9 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
3) убактылуу уюштурулган изоляторлордо, стационарларда/госпиталдарда, обсерваторлордо, убактылуу эпидемияга каршы отряддарда/бригадаларда/башка түзүмдөрдө, лабораторияларда, санитардык-карантиндик пункттарда жана блокпосттордо кадимки иш күнүнүн узактыгында иштеген кызматкерлерге:
- дарыгерлерге – эпидемия очогунда же ага теңдеш аймакта иштеген ар бир сааты үчүн 1 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- жумушка атайын тартылган орто медициналык кызматкерлерге жана башка кызматтардын жана ведомстволордун ушундай эле кызматкерлерине эпидемия очогунда же ага теңдеш аймакта иштеген ар бир сааты үчүн 0,9 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- жумушка атайын тартылган кенже медициналык кызматкерлерге жана башка жумушчуларга жана башка кызматтардын, ведомстволордун ушундай эле кызматкерлерине, ошондой эле оору очокторунда иштеген жана карантинге жөнөтүлгөн медициналык кызматкерлерди ташуучу айдоочуларга – эпидемия очогунда же ага теңдеш аймакта иштеген ар бир сааты үчүн 0,8 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
4) оору жугузган жана оорулар менен байланышта болгондорду ташуучу медициналык тез жардам кызматкерлерине:
- дарыгерлерге – ар бир оору жугузган адамды ташыганы үчүн 6 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана оорулуу менен байланышта болгон ар бир адамды ташыганы үчүн 1 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- орто медициналык кызматкерлерге – ар бир оору жугузган адамды ташыганы үчүн 5 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана оорулуу менен байланышта болгон ар бир адамды ташыганы үчүн 0,9 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- кенже медициналык кызматкерлерге – ар бир оору жугузган адамды ташыганы үчүн 4 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана оорулуу менен байланышта болгон ар бир адамды ташыганы үчүн 0,8 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө т.
5) оор эпидемиологиялык абал учурунда өзгөчө кооптуу инфекциялык оорудан көз жумган адамдардын өлүктөрүн союуну ишке ашыруучу кызматкерлерге:
- дарыгерлерге – ар бир сойгон өлүк үчүн 10 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- орто медициналык кызматкерлерге ар бир сойгон өлүк үчүн 8 эсе эсептик көрсөткүчү өлчөмүндө;
- кенже медициналык кызматкерлерге ар бир сойгон өлүк үчүн 6 эсе эсептик көрсөткүчү өлчөмүндө;
6) инфекциялык жана мите ооруларды, жапайы жаныбарлар арасындагы эпизоотияларды, республиканын аймагындагы тамак-аш ууланууларын жана карантиндик жана кооптуу инфекциялар боюнча энзоотиялык ооруларды жоюу үчүн эпидемиологиялык очоктордо жумуштарга атайын тартылган карантиндик/казармалык абалда жаткан кызматкерлерге жана башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерине төлөмдөр төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
- дарыгерлерге эпидемия очогунда жана ага теңдеш аймакта иштеген ар бир күнү үчүн 23 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
- атайын жумушка тартылган орто медициналык кызматкерлерге жана башка кызматтардын, ведомстволордун жумушчуларына эпидемия очогунда жана ага теңдеш аймакта иштеген ар бир күнү үчүн 20 эсе эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө;
- атайы ишке тартылган кенже медициналык кызматкерлерге жана башка жумушчуларга, анын ичинен башка кызматтардын, ведомстволордун ушундай кызматкерлерине жана жумушчуларына эпидемия очогунда жана ага теңдеш аймакта иштеген ар бир күнү үчүн 18 эсе эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.
20. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун, анын чумага каршы жана өзгөчө кооптуу инфекциялар бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин жана анын регионалдык, шаардык борборлорунун өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча энзоотиялык райондоруна эпидемиологиялык жана эпизоотиялык изилдөөлөрдү, кырып-жоюучу дератизациялык иштерди жүргүзүү үчүн иш сапарга жөнөтүлгөн кызматкерлерине иштеген ар бир күнү үчүн, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында белгиленген суткалык чыгымдын 50% өлчөмүндө экинчи (кошумча) кызматтык маяна төлөнөт.
21. Ыкчам штабдын мүчөлөрүнө оору очогунун аймагында жүргөн иш жүзүндөгү убактысы үчүн, оору очогунда же ага теңдеш аймакта иштеген бир сааты үчүн 1,3 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө төлөнөт.
22. Түндөсү, дем алыш жана майрам күндөрү эпидемия очокторунда же ага теңдеш аймактарда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабдарында иштеген жана ишке тартылган адамдарга, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык, негизги иштеген жеринен компенсациялар төлөнөт.
23. Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка административдик-чарбалык жумушчуларга жана саламаттык сактоо органдарынын башка жумушчуларына ченемден ашык иштегени үчүн, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
24. Саламаттык сактоо системасындагы кызматкерлерге жана ишке тартылган башка кызматтардын, ведомстволордун кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр эпидемиялардын алдын алуу, аларга каршы күрөшүү жана кесепеттерин жоюу боюнча иш жүзүндөгү иштеген убактысы үчүн төлөнөт.
25. Эпидемиялардын алдын алуу, аларга каршы күрөшүү иштерине атайы тартылган саламаттык сактоо системасындагы кызматкерлерге жана ишке тартылган башка кызматтардын, ведомстволордун кызматкерлерине негизги иштеген жеринен жана айкалыштыруу боюнча иштеген жеринен иштеген иши үчүн орточо эмгек акысы сакталат.
26. Эпидемиялардын алдын алуу, аларга каршы күрөшүү иштерине атайы тартылган саламаттык сактоо системасындагы кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр боюнча каражаттар башка төлөмдөрдүн эсебине (эмгек өргүү, эмгекке жарамсыздык баракчалары ж. б.) киргизилбейт.
- 31-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга таандык жана 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев