Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын” деген сөздөрдөн кийин “, М.В. Фрунзенин мемориалдык Үй-музейинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Ата-Бейит” Улуттук мемориалдык-тарыхый комплексинин, “Шах-Фазиль” мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейинин, Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейинин, Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин, Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясынын борборунун, Кыргыз Улуттук “Манас ордо” комплексинин, Ак-Талаа райондук тарых музейинин, Жумгал райондук тарыхый-этнографиялык музейинин, Кочкор райондук Осмонаалы Сыдык уулу атындагы тарыхый край-таануу музейинин, А.Усонбаев атындагы фольклордук-этнографиялык музейинин, Суракан Кайназарованын мемориалдык үй-музейинин, Алыкул Осмонов атындагы Мамлекеттик мемориалдык комплексинин, Республикалык археолого-архитектуралык “Бурана” мунарасынын комплекстик музейинин, Жети-Өгүз райондук Кален Жетимишбаев атындагы тарыхый край-таануу музейинин, Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый маданий корук-музейинин, Кыдыр Аке атындагы Ак-Суу райондук мамлекеттик тарыхый - аймак таануу музейинин, Курмажан Датка тарыхый-этнографиялык музейинин, Ноокат райондук тарых музейинин, Кадамжай райондук Абдыкадыр Орозбеков атындагы музейинин, Лейлек райондук маданият бөлүмүнө караштуу Музейлер комплексинин, Ала-Бука райондук тарыхый-этнографиялык музейинин, Ноокен райондук А. Кулумбетов атындагы тарыхый-этнографиялык музейинин, Аксы райондук Женижок атындагы тарыхый-этнографиялык музейинин, Тогуз-Торо районунун тарыхый-этнографиялык музейинин, Токтогул Сатылганов атындагы мемориалдык үй-музейинин, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы музейинин, Коргол Досу уулунун музейинин, Абды Суеркулов музейинин” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев