Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маданият чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-июнундагы № 261 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Талас областтык мамлекеттик «Манас Ордо» комплекси жөнүндө» Указын ишке ашыруу тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплекси жөнүндө жободо:
- 1.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1.5. КУК «Манас Ордо» өндүрүштүк-экономикалык ишин
өз алдынча ишке ашырат, финансылык каражаттарын тескейт,
өз милдеттенмелери боюнча жооп берет.»;
- 4.1-4.3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4.1. КУК «Манас Ордо» ишин маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган багыттайт жана координациялайт.
КУК «Манас Ордо» башкы директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен макулдашуу аркылуу маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
4.2. Башкы директордун, КУК «Манас Ордо» башкы директорунун сунушу боюнча маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган орун басары болот.
4.3. Башкы директор КУК «Манас Ордо» ишин жалпы жетектейт.
Башкы директор:
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүдө КУК «Манас Ордо» кызыкчылыктарын белгиленген тартипте коргойт;
- бардык финансылык, банктык, уюштуруу-тескөө, чарбалык документтерге биринчи кол коюу өзгөчө укугуна жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрдү сактоо
укугуна ээ;
- белгиленген тартипте КУК «Манас Ордо» мүлкүн жана финансылык каражаттарын тескейт;
- КУК «Манас Ордо» атынан келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка аракеттерди жүргүзөт;
- маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен КУК «Манас Ордо» түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет;
- КУК «Манас Ордо» кызматкерлерин дайындайт жана бошотот, алардын милдеттерин аныктайт, алар менен эмгек келишимдерин (контракттарды) түзөт;
- КУК «Манас Ордо» бардык кызматкерлерине милдеттүү болгон жоболорду жана нускамаларды бекитет, буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык КУК «Манас Ордо» кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартип чараларын колдонот;
- маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча КУК «Манас Ордо» имараттарын оңдоо жана реставрациялык иштерди жүргүзүүнү, реконструкциялоону камсыз кылат;
- КУК «Манас-Ордо» иштөөсү үчүн уюштуруу-техникалык шарттарды камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- КУК «Манас Ордо» финансы-чарбалык иштери менен байланышкан башка маселелерди чечет.».
- V бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«V. Финансылык иштер
5.1. КУК «Манас Ордо» өзүнүн финансы-чарбалык ишин Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын, маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
КУК «Манас-Ордо» Кыргыз Республикасынын жарандык жана жазык мыйзамдарына ылайык финансы-чарбалык иштеринин натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча жооп берет.
КУК «Манас-Ордо» каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- атайын эсептин каражаттарынын.»;
- 6.1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- жыл сайын белгиленген мөөнөттө КУК «Манас-Ордо» финансы-чарбалык иштери жөнүндө маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берип турат.»;
- 6.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6.2. КУК «Манас Ордо» ишинин аудити «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» жана «Ички аудит жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 6-сентябрындагы № 611 «А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры» мамлекеттик мекемесинин Уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры» мамлекеттик мекемесинин уставында:
- 1.5-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги» деген сөздөр «маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1.15-пунктундагы «Совет көчөсү» деген сөздөр «Юсуп Абдрахманов» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык анын ыкчам башкаруусунда турган кыймылсыз мүлктү, ошондой эле жабдууларды жана инвентарларды убактылуу пайдаланууга берүүгө.»;
- 3.2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү – сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
«- маданий оюн-зоок иш-чаралар өткөрүлүп жаткан учурда коопсуздук эрежелерин сактоого, санитардык-гигиеналык ченемдерди жана театр көрүүчүлөрдүн өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча коюлган талаптардын сакталышын камсыз кылууга;
- салыктарды төлөөгө жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
- кызматкерлерге өз убагында жана толук көлөмдө эмгек акы төлөөгө жана мыйзамдарда белгиленген башка төлөмдөрдү берүүгө;
- бекитилип берилген мүлктүн сакталышын, аны натыйжалуу, сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
- театрдын финансы-чарбалык иштерине аудит жүргүзүлүп жатканда ыйгарым укуктуу органдардын суроо-талабы боюнча зарыл болгон документтерди берүүгө.»;
- 4.1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги (мындан ары - Министрлик)» деген сөздөр «маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.2-пунктунун үчүнчү абзацындагы «Министрликтин» деген сөз «маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4.6. Башкы директордун орун басарлары, көркөм жетекчи, башкы бухгалтер башкы директордун сунушу боюнча маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана андан бошотулат.»;
- 5.5-5.7-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5.5. Театрдын оперативдүү башкаруусундагы мүлктүн пайдаланылышын контролдоону маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
5.6. Театр өзүнүн иштерин жүзөгө ашыруу максатында анын оперативдүү башкаруусунда турган кыймылсыз мүлктү маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ижарага бере алат.
5.7. Театр финансы-чарбалык иштерин Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына, маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
Театр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансы-чарбалык иштердин натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартат.
Театрды каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- атайын эсептин каражаттарынын.».
- 5.8-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги» деген сөздөр «маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын»;
- 5.10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5.10. Театр андагы эмгек акыга төлөнүүчү каражаттардын чегинде кошумча төлөөлөрдүн жана үстөктөрдүн, сыйлыктардын жана башка дем берүү мүнөзүндөгү төлөмдөрдүн өлчөмүн белгиленген тартипте өз алдынча аныктайт.»;
- 6.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6.1. Театр белгиленген тартипте:
- өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иштерин контролдойт;
- театр жыл сайын белгиленген мөөнөттө финансы-чарбалык иштери жөнүндө маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берип турат.
Театрдын ишинин аудити «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» жана «Ички аудит жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.»;
- 7.4-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигине» деген сөздөр «маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7.9-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигинин» деген сөздөр «маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы № 471 «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уставында:
- 1.4-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.1-пунктундагы «анын уюштуруучусу» деген сөздөр «маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.2. жана 4.3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4.2. «Сулайман-Тоо УТАМКнын башкы директорун маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
4.3. «Сулайман-Тоо» УТАМКнын башкы директорунун эки орун басары болот, алар «Сулайман-Тоо» УТАМКнын башкы директорунун сунушу боюнча маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.»;
- 5.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5.1. Сулайман-Тоо» УТАМК финансы-чарбалык иштерин Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына, маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
«Сулайман-Тоо» УТАМК Кыргыз Республикасынын жарандык жана жазык мыйзамдарына ылайык финансы-чарбалык иштердин натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартат.
«Сулайман-Тоо» УТАМКсын каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- атайын эсептин каражаттарынын.»;
- 5.2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6.1. «Сулайман-Тоо» УТАМК белгиленген тартипте:
- өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана филиалдарынын иштерин контролдойт;
- жыл сайын белгиленген мөөнөттө финансы-чарбалык иштери жөнүндө маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берип турат.
«Сулайман-Тоо» УТАМКтын ишинин аудити «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» жана «Ички аудит жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.».
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын
29-январындагы № 42 «Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы» мамлекеттик мекемесинин Уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы» мамлекеттик мекемесинин уставында:
- 3.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3.1. Филармония өзүнүн финансы-чарбалык иштерин Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын, маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
Филармония Кыргыз Республикасынын жарандык жана жазык мыйзамдарына ылайык финансы-чарбалык иштердин натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча жооп берет.
Филармонияны каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- атайын эсептин каражаттарынын.»;
- 3.6 жана 3.7-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3.8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3.8. Филармония белгиленген тартипте:
- өз алдынча, атайын каражаттардын эсебинен кызматкерлердин эмгек акысына кошумчаларды берет;
- авторлорду, режиссерлорду, композиторлорду жана башка чыгармачыл кызматкерлерди келишимге ылайык акы төлөө менен ишке тартат;
- эмгектин өзгөчө шарттары үчүн кошумча төлөйт.»;
- 3.9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4.2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«Филармониянын иштерин маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган багыттайт жана координациялайт.»;
- 4.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4.5. Филармониянын башкы директорунун орун басарлары, башкы бухгалтери, көркөм жетекчиси башкы директордун сунушу боюнча маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.»;
- 4.7-пунктундагы «башкы директору» деген сөздөр «көркөм жетекчиси» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 10.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10.1. Филармонияны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.».
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- мамлекеттик кайра каттоо жол-жоболорун жүргүзүү боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев