КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 251 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 174 «Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 174 «Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) токтомдун аталышы «товарлардын түрлөрүн» деген сөздөрдөн кийин «Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка» деген сөздөр менен толукталсын;

- 1-пункту «жардамдан тышкары)» деген сөздөрдөн кийин «Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка» деген сөздөр менен толукталсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынан үчүнчү мамлекеттерге ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган айрым товарлардын түрлөрүнүн тизмегинде (мындан ары - Тизмек):

- Тизмектин аталышындагы «үчүнчү мамлекеттерге» деген сөздөр «Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктундагы «1902ден» деген сөз «1902*ден» деген сөз менен алмаштырылсын;

- 9-пунктундагы «2309дан» деген сөз «2309*дан» деген сөз менен алмаштырылсын;

- 10-пунктундагы «Салфеткалар жана башка» деген сөздөр алып салынсын; 

- 10-пунктундагы «3401ден» деген сөз «3401 20 900 0**» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын: 

«Эскертүү: 

(*) Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ ТЭИ ТН 1902ден коду менен классификацияланган тез даярдалуучу кесмелерди жана ЕАЭБ ТЭИ ТН 2309дан коду менен классификацияланган башка тоют концентраттарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгуу (экспорттоо) төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:

- ташып чыгарылуучу товарлардын ар бир партиясына берилген ташып чыгуунун (экспорттоонун) максатка ылайыктуулугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин корутундусунун;

- товардын Кыргыз Республикасынан өндүрүлгөндүгү жөнүндө сертификаттын;

(**) Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ ТЭИ ТН 3401 20 900 0 коду менен классификацияланган бактерияларга каршы каражаттарды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгаруу (экспорттоо) төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат: 

- ташып чыгарылуучу товарлардын ар бир партиясына берилген ташып чыгуунун (экспорттоонун) максатка ылайыктуулугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин корутундусунун;

- товардын Кыргыз Республикасынан өндүрүлгөндүгү жөнүндө сертификаттын.».

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу