КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 245 токтому

2017-жылдын 26-майында Казань шаарында кол коюлган Геодезия, картография, кадастр жана Жерлерди аралыктан зонд менен изилдөө жаатында адистерди даярдоодо, кайра даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташтык жөнүндө макулдашуусун бекитүү тууралуу 

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. 2017-жылдын 26-майында Казань шаарында кол коюлган Геодезия, картография, кадастр жана Жерлерди аралыктан зонд менен изилдөө жаатында адистерди даярдоодо, кайра даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташтык жөнүндө макулдушуусу (мындан ары – Макулдашуу) бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон  тийиштүү ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын. 

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                                М.Д.Абылгазиев 

Тиркемелер

Басып чыгаруу