КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 246 токтому

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык Көл районуна караштуу Кара-Ой айыл аймагындагы жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө

Дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылынын  28-ноябрындагы № 483 корутундусун жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 28-августундагы № 114 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл аймагындагы № 1244, 1248, 1260, 1261, 1262 контурларында жайгашкан 17,72 га жайыт жерлери дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексин куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

  • ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу