КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 570-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын иши боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишин регламенттеген ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды четтетүү жана өксүктөрдү толтуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:

III бөлүмдө:

-  69-главасынын 4-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө”;”;

-  71-главасында:

4-пунктунда:

үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө”;”;

16-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- запастык бөлүктөрдөн жана агрегаттардан куралган же жараксыздалгандардын ичинен кайра калыбына келтирилгендер транспорт каражаттары (айрым учурларда жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия карап чыгып, мурда жараксыздалган транспорт каражаттарын каттоо боюнча корутунду чыгара алат);”;

-  V бөлүмүнүн 47-главасынын 4-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө”;”.

2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартибинде:

-  13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Эгерде кабыл алуучу тарап чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды кабыл алуучу тарап менчик ээси эмес болуп эсептелген турак жайдын дареги боюнча каттоо үчүн кайрылган учурда, турак жайдын менчик ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу же анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктаган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат керек.”;

-  14-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы “чыгышы мүмкүн” деген сөздөрдөн кийин “. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын менчик ээси болуп эсептелбесе, ушул Тартиптин 13-пункту менен белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет” деген сөздөр менен толукталсын;

-  16-пунктунун үчүнчү абзацы “чыгышы мүмкүн” деген сөздөрдөн кийин “. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын менчик ээси болуп эсептелбесе ушул Тартиптин 13-пункту менен белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет” деген сөздөр менен толукталсын;

-  17-пунктунун экинчи абзацы “чыгышы мүмкүн” деген сөздөрдөн кийин “. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын менчик ээси болуп эсептелбесе ушул Тартиптин 13-пункту менен белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет” деген сөздөр менен толукталсын.

3.  Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу