КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 токтому

Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтер менен калкты камсыздоо маселелери жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын камсыздоо жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле калктын ден соолугун сактоо, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирип кетишин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөрдүн колдонуу мөөнөтү убактылуу узартылсын:

  1) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же барган жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 30-декабрына чейин колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту, 2020-жылдын 31-декабрына чейин;

  2) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же барган жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 30-декабрына чейин колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту 2020-жылдын 31-декабрына чейин, Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын паспортунан тышкары; 

3) өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген мезгилде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө” токтому менен белгиленген чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды каттоо же каттоону узартуу. 

Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн болушун узартууну каалаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими аяктаган күндөн тартып 10 (он) иш күндүн ичинде каттоону узартууга милдеттүү. 

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) колдонуу мөөнөтү узартылган жогоруда аталган паспортторду Кыргыз Республикасына кирүү (кайтып келүү) үчүн гана чет өлкөлүк мамлекеттик чек арадан өтүү максатында колдонууга боло тургандыгы;

2) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары, зарыл учурда, 2020-жылдын                1-январынан тартып 2020-жылдын 30-декабрына чейин колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун 2020-жылдын 31-декабрына чейин колдонууну узартуу жөнүндө тиешелүү белгини койдуруу үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрыла алыша тургандыгы;

 3) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту менен документтештирилбеген адамдарды жалпы республикалык тест тапшырууга киргизүү туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн негизинде жүргүзүлө тургандыгы.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жободо:

  • 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү паспорттун колдонуу мөөнөтүн узартууга укуктуу.”.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, анын сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жободо:

төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:

“41. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү паспорттун колдонуу мөөнөтүн узартууга укуктуу.”;

- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

“-Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө белги.”;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун сүрөттөлүшүндө:

- 5-пункту “барган өлкөнүн жашоого уруксат берген” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө” деген сөздөр менен толукталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо жөнүндө тартипте:

төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:

“121. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу же каттоону узартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунушталган мөөнөттөр тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарга каршы келбеши керек.”. 

6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

1) туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн негизинде орто (толук) жалпы билим жөнүндө документтерди (аттестаттарды жана күбөлүктөрдү) берүү боюнча чараларды;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн, анын ичинен форс-мажордук кырдаалдарга байланыштуу көрүлгөн убактылуу чаралар жөнүндө чет мамлекеттерге билдирсин.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

1) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;

2) “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын мөөнөтү аяктаган убактылуу жана туруктуу жашап турууга уруксаттарынын колдонуу мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен узартуу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал киргизилген мезгилде төрөлгөн балдарды каттоо мөөнөтүн узартуу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.  

9. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.

Премьер-министр                                                     М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу