Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 163 “Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Чектөө иш-чараларын (карантинди) этабы менен алып салуу жана социалдык-экономикалык чөйрөнүн объекттеринин ишин калыбына келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 163 “Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- кинотеатрлардын иши;”;
жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев