КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн өзгөчө кырдаалдын/өзгөчө абалдын шарттарында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо маселелерин укуктук жактан жөнгө салуу максатында, “Билим берүү жөнүндө” 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:

-    1.7-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги” деген сөздөр “билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-    2.2-пунктундагы “Билим жана маданият министрлиги” деген сөздөр “Өкмөтү” деген сөз менен алмаштырылсын;

-    3.1-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги” деген сөздөр “билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-    3.7 жана 3.8-пункттарындагы “Билим жана маданият министрлиги” деген сөздөр “Өкмөтү” деген сөз менен алмаштырылсын;

-    3.11-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги” деген сөздөр “билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-    5.9-пунктундагы “Билим жана маданият министрлиги” деген сөздөр “Өкмөтү” деген сөз менен алмаштырылсын;

-    5.11-пунктундагы “Билим жана маданият министрлиги” деген сөздөр “Өкмөтү” деген сөз менен алмаштырылсын;

-    6.5-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги” деген сөздөр “билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 “Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жободо:

-    расмий тилдеги текстинин 3-главасындагы 14 жана 15-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“14.    Государственную аттестационную комиссию возглавляет председатель, который организует и контролирует деятельность комиссии, обеспечивает единство требований, предъявляемых к выпускникам.

Председателем государственной аттестационной комиссии должно быть лицо, не работающее в данном высшем учебном заведении, из числа докторов наук, профессоров соответствующего профиля, а при их отсутствии - кандидатов наук или крупных специалистов предприятий, организаций, учреждений, являющихся потребителями кадров данного профиля.”;

-    4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:

“151.    Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 токтому менен бекитилген Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун тартибине ылайык аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жол берилет.

Ушуну менен бирге жашыруун режимин сактоону талап кылган, жеткиликтүүлүгү чектелген грифтеги сабактарга, ошондой эле маданият жана искусство боюнча жогорку окуу жайларында атайын чыгармачылык сабактарга карата аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жол берилбейт.”.  

3.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 

4-июлундагы № 470 “Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жободо:

-    төмөнкүдөй мазмундагы 161-пункт менен толукталсын:

“161.    Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 токтому менен бекитилген Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун тартибине ылайык аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жол берилет.

Ушуну менен бирге жашыруун режимин сактоону талап кылган, жеткиликтүүлүгү чектелген грифтеги сабактарга, ошондой эле маданият жана искусство боюнча кесиптик орто билим берүүчү уюмдарындагы атайын чыгармачылык сабактарга карата аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жол берилбейт.”.

4.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 

26-июнундагы № 354 “Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун тартибинде:

-    20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

“Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында билим берүү уюму тарабынан аныкталган тартипте аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде билим алуучуларды орто аралык аттестациялоого жана бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жол берилет, буга төмөнкү бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо кирбейт:

-    жашыруун режимин сактоону талап кылган, жеткиликтүүлүгү чектелген грифтеги сабактар боюнча;

-    маданият жана искусство жаатындагы билим берүүчү уюмдарындагы атайын чыгармачылык сабактар боюнча.”.

5.    Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

-    өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

-    ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

6.    Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

7.    Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                 М.Д.Абылгазиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу