КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 565-токтому

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ишин жөнгө салган, ошондой эле товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашкан запастарын эсепке алуу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүп берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 “Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого, маалыматтык коопсуздук жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-пункту “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)” деген сөздөр менен толукталсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого, маалыматтык коопсуздукка жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашыруу тартибинде:

5-пункту “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  3-ноябрындагы № 694 “Бюджеттик мекемелерди каржылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастарын жана каражаттардын калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди каржылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастарын жана каражаттардын калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускамада:

үчүнчү абзацындагы “баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү” деген сөздөр “экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 26-пунктундагы “57” деген цифралар “70” деген цифралар менен алмаштырылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу