КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580-токтому

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85, 86 жана 89-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85, 86 жана 89-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүү тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдү толтуруу жана тапшыруу тартибинде:

төмөнкүдөй мазмундагы 7-глава менен толукталсын:

"7. Мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнү берүү тартиби

131. Эсептөө кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.

132. Эсептөө баруу тартибинде берилген учурда эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат.

133. Эсептөө почта менен берилген учурда эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык төлөөчүдө калат, экинчи нускасы салык органына кабарлоосу бар заказдык кат менен жиберилет. Эсептөөнү заказдык кат менен почта аркылуу берүүнүн датасы болуп, кайра кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилген дата эсептелет. Эсептөөнү тапшыргандыгы тууралуу кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу берген учурда, эсептөөнү алган салык органынын кызмат адамы эсептөөнүн экинчи нускасындагы 901 жана 902-уячаларды толтурат жана салык органынын штампын коёт. Салык төлөөчүдө калган эсептөөнүн биринчи нускасына 901 жана 902-уячалар толтурулбайт.

134. Электрондук документ түрүндөгү эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чакан ишкердик субъекттин бирдиктүү салык боюнча отчеттун формасын (FORM STI-091) толтуруунун жана берүүнүн тартибинде:

- 2-пунктунда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Отчет кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.";

төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Электрондук документ түрүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы булактан алынган, туруктуу мекеме менен байланышпаган чет элдик уюмдун кирешелерине салык боюнча отчеттун (FORM STI-106) формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибинде:

- 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"28. Отчет жана отчеттун тиркемеси кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.";

- 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"31. Электрондук документ түрүндөгү отчет жана отчеттун тиркемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.";

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайда салыгынын алдын ала суммасын эсептөөнү (FORM STI-107) толтуруунун жана берүүнүн тартибинде:

- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23. Эсептөө кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.";

- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"26. Электрондук документ түрүндөгү эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.";

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан кармап калынган салыктын суммасы (проценти) жөнүндө отчеттун (FORM STI-059) формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибинде:

- 29-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"29. Отчет кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.";

- 32-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"32. Электрондук документ түрүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.";

5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешенин суммалары жөнүндө маалыматтын формасын (FORM STI-017) толтуруунун жана берүүнүн тартибинде:

- 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19. Маалымат кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.";

- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22. Электрондук документ түрүндөгү маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.";

6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалыматтын (FORM STI-058) формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибинде:

- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16. Маалымат кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.";

- 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19. Электрондук документ түрүндөгү маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.";

7) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайдалуу казындылардын кендерин геологиялык изилдөө жана иштетүү боюнча бонусту эсептөөнүн (FORM STI-142) формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибинде:

5-пунктта:

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эсептөө кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.";

- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Электрондук документ түрүндөгү эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.";

8) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын толтуруу жана берүү тартиби:

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-глава менен толукталсын:

"4. Жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнү берүү тартиби

36. Эсептөө кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.

37. Эсептөө баруу тартибинде берилген учурда эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат.

38. Эсептөө почта менен берилген учурда эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык төлөөчүдө калат, экинчи нускасы салык органына кабарлоосу бар заказдык кат менен жиберилет. Эсептөөнү заказдык кат менен почта аркылуу берүүнүн датасы болуп, кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу кайра жиберилген дата эсептелет. Эсептөөнү тапшыргандыгы тууралуу кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу берген учурда, эсептөөнү алган салык органынын кызмат адамы эсептөөнүн экинчи нускасындагы 901 жана 902-уячаларды толтурат жана салык органынын штампын коёт. Салык төлөөчүдө калган эсептөөнүн биринчи нускасына 901 жана 902-уячалар толтурулбайт.

39. Электрондук документ түрүндөгү эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 439 "Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчетунун формасын, аны толтуруу тартибин жана Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчетунун формасын толтуруу жана берүү тартибинде (FORM STI-108):

- 43-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"43. Отчет кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.";

- 46-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"46. Электрондук документ түрүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.".

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 234 "Кыйыр салыктар боюнча салык отчетунун, товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын, акциздик товарларды алдыдагы алуу, товарларды ташып келүү (ташып кетүү) жөнүндө кабарлоонун формаларын жана аларды толтуруу тартиптерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыйыр салыктар боюнча отчеттун формасын толтуруу жана берүү тартибинде (FORM STI-123):

- 10-пунктунун 1-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Отчет кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.";

- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11. Электрондук документ түрүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.";

- 12-пунктундагы "электрондук варианттагы" деген сөздөр "электрондук документ түрүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-майындагы № 294 "Атайын салык боюнча отчеттун формасын жана аны толтуруунун жана берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Атайын салык боюнча отчетту толтуруунун жана берүүнүн тартибинде (FORM STI-122):

- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Отчет кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.".

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартибинде:

- 14 жана 15-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14. Салык салынуучу субъект КНС боюнча отчетту салык органына электрондук документ түрүндө берет.

15. Электрондук документ түрүндөгү КНС боюнча отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.";

- 16-пунктундагы "электрондук түрүндө" деген сөздөр "электрондук документ түрүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акциз салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартибинде:

- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15. Отчет кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.";

- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20. Электрондук документ түрүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.";

- 21-пунктундагы "электрондук түрдө" деген сөздөр "электрондук документ түрүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 "Отчеттуулук формаларын жана аларды толтуруу жана берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту (FORM STI-129, FORM STI-130, FORM STI-131) толтуруу жана берүү тартибинде:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Отчет кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.";

- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Электрондук документ түрүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы боюнча отчетту (FORM STI-132, FORM STI-133, FORM STI-134) толтуруу жана тапшыруу тартибинде:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Отчет кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.";

- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Электрондук документ түрүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет";

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Роялти боюнча отчетту (FORM STI-138, FORM STI-139, FORM STI-140) толтуруу жана берүү тартибинде:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Отчет кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.";

- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Электрондук документ түрүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.".

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- үчүнчү, бешинчи, жетинчи жана тогузунчу абзацтары "толтуруу" деген сөздөн кийин " жана берүү" деген сөздөр менен толукталсын;

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-100) толтуруу тартибинде:

- аталышы "толтуруу" деген сөздөн кийин "жана берүү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 1-пункту "толтуруунун" деген сөздөн кийин "жана берүүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;

12-пунктунда:

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Декларация кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн:";

- "в)" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"в) Электрондук документ түрүндөгү декларация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.";

- сегизинчи-он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- он экинчи абзацындагы "электрондук түрдө" деген сөздөр "электрондук документ түрүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-101) толтуруу тартибинде:

- аталышы "толтуруу" деген сөздөн кийин "жана берүү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 1-пункту "толтуруунун" деген сөздөн кийин "жана берүүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;

- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Декларация кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн:";

- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Электрондук документ түрүндөгү декларация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.";

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-102) толтуруу тартибинде:

- аталышы "толтуруу" деген сөздөн кийин "жана берүү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 1-пунктундагы "толтуруу" деген сөздөн кийин "жана берүү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 11-пунктунда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Декларация кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн:";

- "в)" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"в) электрондук документ түрүндөгү декларация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.";

алтынчы-тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

онунчу абзацындагы "электрондук түрдө" деген сөздөр "электрондук документ түрүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-103) толтуруу тартибинде:

- аталышы "толтуруу" деген сөздөн кийин "жана берүү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 1-пунктунун биринчи абзацы "толтуруунун" деген сөздөн кийин "жана берүүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;

- 10-пунктунда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Декларация кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн:";

- "в)" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"в) электрондук документ түрүндөгү декларация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.";

сегизинчи-он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- он экинчи абзацындагы "электрондук түрдө" деген сөздөр "электрондук документ түрүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы "толтуруу" деген сөздөн кийин "жана берүү" деген сөздөр менен толукталсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу тартибинде:

- аталышы "толтуруу" деген сөздөн кийин "жана берүү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 1-пунктунун биринчи абзацы "толтуруунун" деген сөздөн кийин "жана берүүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;

- 12-пунктунда:

үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Декларация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте электрондук документ түрүндө берилет.";

төртүнчү-жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-августундагы № 453 "Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

12. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


М.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу