КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 258 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик мекемелеринде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөө системасын тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 233-тиркемесинде:

- аталышы “Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк жана түштүк борборлорунун” деген сөздөрдөн кийин “, Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменттин” деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пунктундагы “кадрлар бөлүмүнүн” деген сөздөр “бөлүмдүн” деген сөз менен алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 244-тиркемесинин аталышы “Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк жана түштүк борборлорунун” деген сөздөрдөн кийин “, Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменттин” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар бекитилген штаттык сандын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде сарптала тургандыгы белгиленсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                           М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу