2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Туризм боюнча кеңеши жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Туризм боюнча кеңеши жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр К.А.Боронов