Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчө кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик органдар тарабынан тандоо жана көрсөтүү маселелери жөнүндө
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордо корпоративдик башкарууну өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттик өкүлдөр жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо, көрсөтүү тартиби, 2-тиркемеге ылайык;
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттерди башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-январындагы № 41 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттерди башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 716 “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрдык резервин түзүүнүн жана пайдалануунун жаңы принциптери жөнүндө” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 338 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттерди башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-майындагы № 279 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 716 “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрдык резервин түзүүнүн жана пайдалануунун жаңы принциптери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр К.А.Боронов