Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 9-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук каталогу аркылуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев