Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасында жылытуу, желдетүү, кондициялоо системаларын эксперименттик колдонуу жөнүндө
«Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын курууда колдонулган жылытуу, желдетүү, кондициялоо системалары эксперименттик долбоор деп саналсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасында жылытуу, желдетүү, кондициялоо системаларына мониторинг жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги эксперимент оң натыйжаларды берген учурда дарылоо багытындагы имараттарда жылытуу, желдетүү, кондициялоо системаларын долбоорлоо жана куруу чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев