КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо, автомобилдерде жүктөрдү ташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышындагы “транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пунктунун экинчи абзацындагы “транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1) жогорудагы токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибинде:

- аталышындагы “транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пунктунда:

он экинчи абзацындагы “жол уюмдарынын” деген сөздөр “автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

он үчүнчү абзацындагы “салмак габариттик” деген сөздөр  “транспорттук” деген сөз менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын:

“- транспорт каражаттарынын максималдуу салмак габариттик параметрлери – автотранспорт каражаттарынын максималдуу салмагын, октук салмак басымын, өлчөмүн жана башка линиялык параметрлерин камтыган параметрлер;

- транспорт каражаттарынын линиялык параметрлери – автотранспорт каражаттарынын максималдуу узундугу, максималдуу туурасы, максималдуу бийиктиги жана огунун же окторунун ортосундагы максималдуу аралыгы”;

2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“2. Ушул Тартип автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын бардык пайдалануучуларына колдонулат, Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн жыйымдарды алууну карайт, каражаттардын багытын жана пайдалануу тартибин аныктайт.”; 

-   3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.”;

  • 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо, ошондой эле аларды эксплуатациялоо мөөнөтүн жогорулатуу максатында жайкы мезгилде күндүз анын иштөө мөөнөтүн көрсөтүү менен кыймылды убактылуу чектөөнү же токтотууну киргизет. Мындай ташууну жүк ээси же автоташуучу милдеттүү түрдө белги берүүчү жарык маяктар менен жабдылган коргоочу автомобилдин коштоосун камсыздоо менен аткарууга тийиш.”;  

- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“6. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдору боюнча жүрүү үчүн ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн ошол транспорт каражаттарынын ээлеринен автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жыйым алынат.      

Транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн алынуучу жыйымдардын өлчөмдөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

Транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн алынган жыйымдардан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке жиберилет.

Максималдуу өлчөмдөрдү жана башка линиялык параметрлерди таразалоодо жана өлчөөдө пайдаланылуучу ченөө каражаттары “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык текшерүүдөн өтүүсү зарыл.”;

- 2-главасынын аталышындагы “жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин” деген сөздөр “максималдуу өлчөмдөрүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 7-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“7. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарынын уруксатсыз өтүүсүн аныктоо жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдору боюнча жүрүү үчүн  ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана ченөө үчүн жыйымдарды алуу максатында транспорт каражаттарынын салмагын жана габаритин контролдоо пункттарында өткөрүү контролу жүргүзүлөт.”; 

-   71-пунктундагы “жана мамлекеттик чек аранын периметри боюнча” деген сөздөр “Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттер менен Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 8-пунктунда:

алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдору боюнча жүрүү үчүн ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана ченөө үчүн жыйымдарды алуу жана жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция берүү;”;

- төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

“- транспорт каражаттарынын салмагын аныктоо боюнча жабдууларды колдонуу аркылуу транспорт каражаттарын таразага тартууда өндүргөн заводдун ченөөчү жабдыктарынын техникалык документтеринин чегинде жана ага ылайык автотаразалардын көрсөткүчүндөгү айырмачылыктарга жол берилет.”;

- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“9. Транспорттук контролдоо пункттарында Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдору боюнча жүрүү үчүн ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн жыйымдар жүктүн ээлеринен же жүк ташуучулардан Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен алынат.”;

  • 11-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол органдарына” деген сөздөр “автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 13-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол органдарынын жетекчилерине” деген сөздөр “автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө багытталган транспорттук каражаттардын максималдуу жалпы массасы, октук жүгү, өлчөмү жана башка линиялык параметрлеринде:

- 1-пунктунда:

1.1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

“- беш октуу автомобиль - 38 т;

  • алты жана андан ашык октуу автомобиль - 44 т.”;

1.2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү - алтынчы абзацтар менен толукталсын:

“- төрт октуу чиркегич - 32 т;

  • беш октуу чиркегич - 38 т;
  • алты жана андан ашык октуу чиркегич - 44 т.”;

1.3.1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1.3.1. Жарым чиркегичи менен автопоезддер:

- бир октуу жарым чиркегичи менен эки октуу сүйрөгүч - 28 т;

- эки октуу жарым чиркегичи менен эки октуу сүйрөгүч, жарым чиркегичтин окторунун арасындагы аралык 1,3 метр же андан ашык, бирок 1,8 метрден көп эмес болсо - 36 т;

- эки октуу жарым чиркегичи менен эки октуу сүйрөгүч, жарым чиркегичтин окторунун арасындагы аралык 1,8 метрден ашык болсо - 38 т;

- үч октуу жарым чиркегичи менен эки октуу сүйрөгүч - 40 т;

- эки октуу жарым чиркегичи менен үч октуу сүйрөгүч - 40 т;

- үч октуу жарым чиркегичи менен үч октуу сүйрөгүч - 44 т;

- эки октуу (жана андан ашык) жарым чиркегичи менен төрт октуу (жана андан ашык) сүйрөгүч - 44 т.”;

1.3.2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

“- эки октуу (жана андан ашык) чиркегичи менен төрт октуу (жана андан ашык) жүк ташуучу автомобиль - 44 т.”;

  • 3-пунктунда:

3.1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

“- экиден ашык октуу автобустар - 15 м”;

3.3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Мультимодалдык ташууларда колдонулуучу контейнерлерди ташыган жүк ташуучу транспорт каражаттары үчүн 20 см айырмага жол берилет.”;  

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибинде:

- расмий тилдеги текстинин аталышындагы “проезд” деген сөз “пропуск” деген сөз менен алмаштырылсын;

-  2-пунктунда:

биринчи абзацындагы “өткөрүү жана өтүүсүнө” деген сөздөр “өткөрүү тартиби жана өткөрүү үчүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.”;

  • 3 жана 4-пункттарындагы “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол органдары” деген сөздөр “Автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
  • 5-пунктунун бардык тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
  • 6-пунктунун биринчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине” деген сөздөр “автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-   9-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр “транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

  • 15-пунктунда “транспорт каражаттардын жүргөндүгү” деген сөздөр “транспорт каражаттарын өткөрүү” деген сөздөр менен алмаштырылсын, “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол органдарынын жетекчилерине” деген сөздөр “автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдардын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартибинде:

  • 4-пунктунда “салмак-көлөмдү” деген сөз   “транспорттук” деген сөз менен алмаштырылсын;
  • 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“12. Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдардын ордун толтуруудан төмөнкү автотранспорт каражаттары бошотулат:

  • гуманитардык жардамды жеткирүү боюнча ташууларды аткарган;
  • Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;
  • Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн;
  • ыкчам башкаруусунда турган участоктордо транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын;
  • республикалык бюджеттин жана инвестициялык каражаттардын эсебинен аткарылып жаткан жумуштардын алкагында Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого жана реабилитациялоого ордер боюнча берилген участоктордо гана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан тартылган подряддык уюмдардын”;

5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы транспорттук контролдоо пункттарынын (ТКП) тизмесинде:

  • 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

22

ЭМ-13

Ош-Баткен-Исфана

Баткен облусу, Сүлүктү ш., Кольцо айылы

Ош-Баткен- Исфана а/ж 383-чакырымы

“Кольцо”

                                                                                                                         ”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 274 “Транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышындагы “жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн ченемден ашкан максималдуу өлчөмдөрүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- токтомдун  преамбуласындагы “транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 1-пункту төмөнкүдөй  редакцияда баяндалсын:

“1. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автожолдору боюнча жүрүүчү транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдорунда жүрүү үчүн максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу өлчөмү автотранспорт каражаттарынын бир бирдигине 250 (эки жүз элүү) сом суммасында бекитилсин.”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 “Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринде:

- 22-пункту төмөнкүдөй  редакцияда баяндалсын:

“22. Сутканын караңгы мезгилинде кооптуу жүктөрдү ташууга тыюу салынат, буга транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо, ошондой эле алардын эксплуатациялоо мөөнөтүн көбөйтүү максатында сутканын жарык мезгилинде кыймылга тыюу салган же чектөөнү киргизген учурлар кирбейт. Мындай ташууну жүк ээси же автоташуучу милдеттүү түрдө атайын сигналдар менен жабдылган коргоочу автомобилдин коштоосунда аткарууга тийиш. 

Туман, жаан-чачын, кар жааган шартта жолду көрүү 300 м чейин чектелген учурда 1, 6, 7, 8 жана 9-класстагы кооптуу жүктөрдү ташууга тыюу салынышы мүмкүн. Бул туурасында ошол жүктөрдү Коопсуз ташуу шарттарында көрсөтүлүүгө тийиш. Баткак, илээшкек жана тайгалак жолдо жүрүүдө тыгылып калбоо үчүн транспорт каражатынын дөңгөлөктөрүнө тайгаланууга каршы чынжырлар же башка ыңгайлашкан шаймандар кийгизилиши керек.”. 

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги ушул токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                              М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу