Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ведомстволук мекемелеринин ишин тартипке салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөрдүн кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптар бекитилсин:
1) республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканалардын, 1-тиркемеге ылайык;
2) республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык музейлердин, 2-тиркемеге ылайык;
3) клубдук мекемелердин, 3-тиркемеге ылайык;
4)А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, филармониялардын, Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин, А.Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин, 4-тиркемеге ылайык;
5)драмалык жана музыкалык-драмалык театрлардын, Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жана куурчак театрларынын, 5-тиркемеге ылайык;
6) облустук медиаборборлордун жана “Ынтымак” коомдук региондук телерадиокомпаниясынын, 6-тиркемеге ылайык;
7) “Байчечекей” балдар журналынын, “Жеткинчек” гезитинин, “Кырчын” журналынын редакцияларынын, 7-тиркемеге ылайык;
8) маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин жана уюмдарынын алдындагы борборлоштурулган бухгалтериялардын,
8-тиркемеге ылайык;
9) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы” мамлекеттик мекемесинин, 9-тиркемеге ылайык;
10) Республикалык мамлекеттик фильмфондусунун жана Чыңгыз Айтматов атындагы республикалык Кино үйүнүн дирекциясынын, 10-тиркемеге ылайык;
11) облустук, шаардык жана райондук кинодирекциялардын, 11-тиркемеге ылайык;
12) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин системасындагы орто кесиптик (анын ичинде атайын) окуу жайларынын (техникумдардын), 12-тиркемеге ылайык;
13) балдардын музыкалык мектептеринин, балдардын искусство мектептеринин, балдардын көркөм өнөр мектептеринин, 13-тиркемеге ылайык;
14) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин системасындагы окуу жайларынын студияларынын жана квалификацияны жогорулатуу факультеттеринин, 14-тиркемеге ылайык;
15) П.Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин, 15-тиркемеге ылайык;
16) Мукаш Абдраев атындагы республикалык орто атайын музыкалык мектеп-интернатынын, 16-тиркемеге ылайык;
17) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин системасындагы жогорку окуу жайларынын,
17-тиркемеге ылайык.
2.Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына квалификациялык талаптар коюлбай тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 430 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын10-январындагы № 3 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 180 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 3 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр К.А.Боронов