КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 195-б буйругу

1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федерация Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федерация Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору. 

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министрдин 

милдетин аткаруучу,

биринчи вице-премьер-министр                                                                                                                                                                                                       К.А.Боронов