КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 571-токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас облусу боюнча чек ара башкармалыгынын “Сатыкей” чек ара заставасына Жумабеков Артисбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө

Жаш муунду аскердик-патриоттук тарбиялоо, Жумабеков Артисбектин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас областы боюнча чек ара башкармалыгынын “Сатыкей” чек ара заставасына Жумабеков Артисбектин ысымы ыйгарылсын жана мындан ары “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас областы боюнча чек ара башкармалыгынын Жумабеков Артисбек атындагы “Сатыкей” чек ара заставасы” деп аталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу