Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 619 “Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку cотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечимин талаптагыдай аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 619 “Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
“31. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө жободо:
13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“Мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан кошумча маалыматтарды жана документтерди алуу зарылчылыгы келип чыккан учурда Комиссия арызды кароо процессин үч айдан ашык эмес мөөнөткө токтотуп турууга укуктуу.
Арызда көрсөтүлгөн фактыларга карата тиешеси бар иштер боюнча тергөө органдары сотко чейинки өндүрүштүн алкагында текшерүүнү демилгелеген учурда Комиссия арызды кароо процессин сотко чейинки өндүрүш аяктаганга чейин токтотуп турат.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр К.А.Боронов