Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө
Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтому менен бекитилген “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 24-майындагы № 03/681 корутундусун, Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 17-майындагы № 22 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 26,5 га жер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун, анын ичинен:
- Жылалды айылынын № 496 (6,7 га), № 523 (4,1 га) контурларындагы 10,8 га сугат айдоо жери;
- Красный Маяк айылынын № 540 (2,8 га), № 808 (6,7 га), № 863
(1,5 га), № 865 (2,7 га) контурларындагы 13,7 га сугат айдоо жери;
- Калта айылынын № 253 контурундагы 2,0 га сугат айдоо жери.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр К.А.Боронов