КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 285 токтому

2019-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана фармация жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу 

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2019-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана фармация жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги монгол тарапка жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу, 

биринчи вице-премьер-министр                                                   К.А.Боронов                                                            

Тиркемелер

Басып чыгаруу