«Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасын бекитүү жөнүндө
Экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүү жана камсыздоо, коронавирус тараган шартта ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
«Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасы (андан ары – Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) ишкердик субъекттерге кредит берүү үчүн бюджеттик ассигнованиелерди жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жетишилген макулдашууларды эске алып, ички жана тышкы булактардан финансы каражаттарын издеп тапсын жана финансы каражаттарын Программага ылайык ишкердик субъекттерге кредит берүүгө багыттасын;
2) Программага ылайык алынган кредиттерди жоюунун эсебине субъекттерден келип түшкөн каражаттарды топтоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында атайын эсепти ачсын. Бул эсепте чогулган каражаттарды Программага ылайык тандалып алынган коммерциялык банктар аркылуу ишкердик субъекттерге андан ары кредит берүүгө багыттасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жогоруда аталган Программаны ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга жана чакан финансылык уюмдарга ишкердик субъекттер тарабынан салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнүн компоненттери колдонулгандыгы жөнүндө маалыматты өз убагында берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр К.А.Боронов