Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусуна байланыштуу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу жана экономикалык өнүктүрүүгө түрткү берүү максатында, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунда:
- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- Кыргыз Республикасынын эмгек визасы («W1» жана «W2» тибиндеги) бар чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам болуп саналган чет өлкөлүк адистерден. Кыргыз Республикасынын тиешелүү тармактагы иштин маселелерин тескеген мамлекеттик органынын расмий кайрылуусунун негизинде ЕАЭБдин мүчө мамлекетинин жараны болуп саналган чет өлкөлүк адистерден. Чет өлкөлүк адистерди обсервациядан өткөрүү үчүн шарттарды уюштуруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан белгиленген тартипке ылайык чакыруучу уюмдардын/ишканалардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат;»;
- төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасындагы чет мамлекттердин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин расмий кайрылуусунун негизинде чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан, мында алардын келе тургандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу алдын ала маалымдоо зарыл.»;
2) 3-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр К.А.Боронов