Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 40 жана 41-пункттар менен толукталсын:
“
40 | Балдарга жана өспүрүмдөргө профилактикалык жана дарылоо-диагностикалык жардам көрсөтүү | ССМ | ССМ | Акысыз |
41 | Мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдө, стационарларда жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде аялдардын саламаттыгын сактоо боюнча профилактикалык жана медициналык жардам көрсөтүү | ССМ | ССМ | Акысыз |
”;
- 5-главасынын 11-пунктунун “Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар” графасындагы “БИМ” аббревиатурасы “Кыргызтест” аббревиатурасы менен алмаштырылсын;
- 9-главада:
1 жана 11-пункттарынын “Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар” графасындагы “АЧТММ” аббревиатурасы “СРМА” аббревиатурасы менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
“
14 | Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча жол-техникалык иштерди милдеттүү пландуу оңдоо-калыбына келтирүү иштеринен тышкары аткаруу | ТЖМ | ТЖМ | Акы төлөнөт |
”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр К.А.Боронов