Нарын облусунда жайгашкан “Кум-Бел” жайыт участогу боюнча талаш маселени комплекстүү чечүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия Нарын облусунда жайгашкан “Кум-Бел” жайыт участогу боюнча талаш маселени чечүү жөнүндө негиздүү корутундуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык он күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисине жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин ишке тартуу укугу берилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр К.А.Боронов