КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564-токтому

Фармакокөзөмөл системасын уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө 

“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Фармакокөзөмөл системасын уюштуруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Фармакокөзөмөл системасын уюштурууга талаптар Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы  № 87 чечими менен бекитилген Фармакокөзөмөлдүн талаптагыдай практикасынын эрежелерине ылайык белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги №137 “Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламентти бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентте:

- 14-главасынын 391-430-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган Техникалык регламенттин 9-17-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


 Премьер-министр                                                                 М.Д. Абылгазиев