КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 330 токтому

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине  ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасы (мындан ары – Программа),
  1-тиркемеге ылайык;

- Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык;

- Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы, 3-тиркемеге ылайык.

2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине анын аткарылышы жөнүндө маалымат беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча,
  1-августтан жана 1-февралдан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө жалпыланган отчёт берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 155  “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министрдин 

милдетин аткаруучу, 

биринчи вице-премьер-министр                                           К.А.Боронов