КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруунун айрым маселелерин жөнгө салган механизмдерди өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине ушул токтомдун тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- ушул токтом күчүнө киргенге чейин Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрине киргизилген адамдар жөнүндө маалыматтар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдын ичинде аталган Реестрде камтылат;

- ушул токтом күчүнө киргенге чейин башталган конкурстук жол-жоболор ушул токтомдо белгиленген өзгөртүүлөрдү эсепке албастан аякталат.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрдык иштер жана мамлекеттик кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


 Премьер-министр                                                           М.Д. Абылгазиев