КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 555-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 686 «Селекциялык жетишкендикке патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттатуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 «Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 686 «Селекциялык жетишкендикке патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттатуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электрондук эсептөө машиналары же маалымат базалары үчүн программаларды расмий каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелеринде:

- 11-пунктунда:

он үчүнчү абзацында: «оптикалык дискте» деген сөздөр «электрондук сактагычта» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;

он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «Эгерде каттоого сунушталган ЭЭМ программасы аудиовидеоматериалдарды камтыса, анда ушундай материалдардын үлгүлөрү электрондук сактагычтарда берилиши мүмкүн.»;

- 14-пунктунда:

биринчи абзацындагы «алты» деген сөз «эки» деген сөз менен алмаштырылсын;

тогузунчу абзацындагы:

«эки айдын» деген сөздөр «он беш күндүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:

«Өтүнмөнү кароонун мөөнөтү тиешелүү түрдө он беш күнгө узартылат.»;

- жогоруда аталган Эрежелердин 1-тиркемесинин 10-пунктунда:

онунчу, он экинчи, он үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:

  ┌─┐

«└─┘ электрондук сактагыч_____ даана.».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу