КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-июлундагы № 369 токтому

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына  абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу тартибин жөнгө  салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым  чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кабыл алуу конкурсуна катышуунун автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча абитуриенттерди Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тандоо жана кабыл алуу жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана  17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 “Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө жободо:

-7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“7. ЖОЖдун администрациясы конкурсту өткөрүү жана абитуриенттерге конкурстун жүрүшү жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалымдоо үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт.”;

- 8-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн катышуусунда ящиктерди (урналарды) ачуу жана сертификаттардын кагаз түрүндөгү жана электрондук талондорунун санын эсептөө;

- сертификаттардын кагаз түрүндөгү жана электрондук талондорунун саны жөнүндө комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлуучу протоколдорду түзүү;”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартибинде:

- 4.6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Чет өлкөлүк окуу жайларда окуган Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар кабыл алуу комиссиясына Кыргыз Республикасынын жалпы орто билими, орто же жогорку кесиптик билими тууралуу мамлекеттик документке эквиваленттүү болгон билими тууралуу документти берүүгө тийиш. 

Чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген билими жөнүндө документтерге экспертиза билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк окуу жайларда окуган Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды КР БИМ тарабынан берилген билим берүүнүн мазмунунун деңгээлине шайкештиги тууралуу маалым катты берүүсүз кабыл алууга жол берилбейт.

  • 5.2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“5.2. ЖРТнын жыйынтыктары боюнча келишим боюнча окутуу наркын төлөө менен окутуунун бардык формаларына конкурс өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү абитуриенттерди гранттык окууга тандоо жана кабыл алуу турларын өткөрүүгө окшош. Абитуриент ар бир турда ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына кагаз түрүндөгү талонду же сертификаттын электрондук талонун Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу конкурсуна катышуунун автоматташтырылган маалымат системасы (мындан ары – “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн-кабыл алуу” АМС) аркылуу берүү жолу менен бир ЖОЖду тандоого укуктуу. Конкурс мамлекеттик билим берүү грантын алууга талапкер абитуриенттер үчүн белгиленген абитуриенттердин категорияларын эске албастан өткөрүлөт, эң жогорку балл алган абитуриенттер кабыл алууга сунушталат.”;

  • 5.12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

“Өзгөчө кырдаалда, өзгөчө абалда билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча кирүү сынактарын онлайн режимде өткөрүүгө жол берилет.”;

  • 6.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

“Өзгөчө кырдаалда, өзгөчө абалда билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча кирүү сынактарын онлайн режимде өткөрүүгө жол берилет.”;

VIII главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“VIII. Кабыл алуу

8.1. Абитуриенттерди уюштуруучулук-укуктук формаларына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына, окутуунун бардык формаларына кабыл алуу алардын билими жөнүндөгү документтин түп нускасы же анын дубликаты болгон учурда жүргүзүлөт.

Магистратуранын сырттан окуу формасына жана тиешелүү профиль боюнча орто кесиптик билим берүүнүн базасында тездетилген окуу программаларына кабыл алууда гранттык же бюджеттик негизде окуган педагогикалык даярдоо багыттарынын жана адистиктердин бүтүрүүчүлөрү базалык жогорку кесиптик билими (бакалавр) жөнүндө дипломдун же орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун аны берген окуу жайы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана гранттык же бюджеттик негизде окугандыгы жана жумушка бөлүштүрүлгөндүгү тууралуу окуу жайдын маалым катын тапшырышат.

ЖРТнын жыйынтыктары боюнча “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн-кабыл алуу” АМСке төмөнкү документтерди электрондук түрдө тапшыргандан кийин абитуриенттерди студенттердин катарына кабыл алууга уруксат берилет:

- паспортту же туулгандыгы тууралуу күбөлүктү;

- ЖРТ сертификатын;

- жалпы орто билими жөнүндө аттестатты, орто кесиптик билими жөнүндө дипломду же болбосо анын дубликатын;

- аскердик билетти же аскердик каттоо күбөлүгүн;

Абитуриент документтердин түп нускаларын жана сүрөттөрдүн тиешелүү санын ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына окуу жылынын башында тапшырууга милдеттүү.

8.2. Абитуриенттерди ЖРТнын жыйынтыктары боюнча студенттердин катарына кабыл алуу тестирлөөнүн натыйжалары жөнүндө сертификаттын түп нускасы болгондо жүргүзүлөт. Кабыл алуу комиссиясына керектүү документтерди тапшыруу аркылуу ЖОЖдо окууга өзүнүн каалоосун ырастаган абитуриенттердин ЖРТ натыйжалары Көз карандысыз тест кызматы тарабынан кабыл алууга чейин ырасталууга тийиш.

8.3. Абитуриенттерди уюштуруучулук-укуктук формаларына карабастан ЖОЖдун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына келишим боюнча окутуу наркын төлөө менен кабыл алуу 31-августка чейин жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандардын арасынан абитуриенттерди кабыл алуу мөөнөттөрү 15-октябрга чейин узартылышы мүмкүн.

8.4. Оң баага туура келген баллы болгон учурда төмөнкү абитуриенттер келишим боюнча окутуу наркын төлөө менен орундарга конкурстан тышкары  кабыл алынат:

- тоголок жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар (18 жашка чейинки, ошол жылдын 1-октябрына карата);

- медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу боюнча тандап алган даярдоо багыты же адистиги боюнча ЖОЖдо билим алуу каршы келбеген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;

- тандап алынган ЖОЖдо олимпиаданын предмети профилдик болгон багыттар жана адистиктер боюнча эл аралык жана республикалык олимпиаданын байге ээлери (ошол жылы 1-3-орунду алгандар).

8.5. Олимпиада оюндарынын, дүйнөлүк чемпионаттардын чемпиондору жана байге ээлери жана Азия оюндарынын чемпиондору мамлекеттик жана муниципалдык ЖОЖдорго дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө  даярдоо багыттары (бакалавр, магистратура) жана адистиктер боюнча кирүү сынактарысыз (экзамендерсиз, тестирлөөсүз жана аңгемелешүүлөрсүз) кабыл алынат.

“Кыргыз Республикасынын спорт чебери”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери” спорттук наамдарына ээ спортсмендер, мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн адамдар, “Кыргызтест” системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө мамлекеттик сертификатына ээ адамдар жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылыктуу укуктардан пайдаланышат.

8.6. ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмдөрүнүн угуучулары ЖОЖдорго жалпы негизде кабыл алынат.

8.7. Кирүү сынактарына жүйөөсүз себептер менен келбеген, ошондой эле канааттандыраарлык эмес баа алган адамдар конкурска катышпайт жана ЖОЖго кабыл алынбайт.

8.8. Конкурстун жыйынтыгы боюнча кабыл алуу тууралуу буйрук кирүү сынактарында же ЖРТ боюнча алган баллдарын санын көрсөтүү менен ЖОЖдун расмий сайтында же кабыл алуу комиссиясынын маалымат тактасына жарыяланат.

8.9. КР БИМ тарабынан көзөмөлдөө тартибинде жүргүзүлгөн текшерүүдө конкурс өткөрүү жана абитуриентти мыйзамсыз, анын ичинде ЖРТнын жыйынтыктары тууралуу алар тарабынан берилген анык эмес маалыматтардын негизинде кабыл алуу фактылары аныкталган учурда студент бекитилген тартипте окуудан чыгарылат.”;

2) аталган токтом менен бекитилген Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жөнүндө жободо:

- I бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 1.2-пункт менен толукталсын:

“1.2. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулат:

- Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу конкурсуна катышуунун автоматташтырылган маалымат системасы (мындан ары – “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн-кабыл алуу” АМС) - бул учурдагы жылдын ЖРТ натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн режимде каттоо жана кабыл алуу үчүн портал. 

- электрондук талон – бул “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн-кабыл алуу” АМС аркылуу электрондук түрдө  берилген өтүнмө. 

- 2.1-пункту “гранттык комиссиялары тарабынан” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн-кабыл алуу” АМС аркылуу” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.2-2.7-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2.2. Кабыл алуу конкурсуна катышуу үчүн абитуриент “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн-кабыл алуу” АМС аркылуу онлайн режимде өтүнмө (электрондук талон) бере алат же ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына сертификатынын кесилген талонун (кагаз түрүндөгү талонду) тапшыра алат. 

Конкурсту онлайн режимде билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте гана өткөрүүгө жол берилет.

2.3. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган конкурска катышуу үчүн абитуриенттерди каттоо жүргүзүлүүчү убакытты жарыялайт. Гранттар бөлүнгөн ар бир факультетке сертификаттардын кагаз түрүндөгү талондорун чогултуу үчүн факультети көрсөтүлүү менен мөөр басылган өзүнчө ящик (урна) жасалат.

2.4. Ар бир турда грант алууга талапкер абитуриент талонун каттоо менен бир ЖОЖду тандоого укуктуу. 

2.5. Абитуриент сертификаттын кагаз түрүндөгү талонун бергенде ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясы абитуриенттин маалыматтарын “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн-кабыл алуу” АМСке киргизет. 

2.6. Электрондук талонду берүүдө абитуриент өзүнүн маалыматтарын “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн-кабыл алуу” АМС аркылуу онлайн режимде өз алдынча киргизет.

2.7. ЖОЖго кабыл алууда жеңилдиктерге талапкер же кабыл алууга артыкчылыктуу/приоритеттүү укукка ээ абитуриенттер ЖОЖдо каттоо убагында кагаз түрүндөгү талонду берүүдө тастыктоочу документтерди (ата-энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү, медициналык-социалдык экспертизанын корутундусун, мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөндүгү тууралуу белгиси бар аскердик билетти, “Кыргыз Республикасынын спорт чебери”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери” күбөлүгүн, “Кыргызтест” системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сертификатын ж.б.) берүүгө же “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн-кабыл алуу” АМСке электрондук талонун берүүдө тастыктоочу документтеринин сканерленген версияларын тиркөөгө тийиш.”;

- 2.8-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2.8. Сертификаттын кагаз түрүндөгү талонун берүү аркылуу конкурска катышууда абитуриенттин маалыматтары кабыл алуу комиссиясы тарабынан “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн-кабыл алуу” АМСке киргизилгенден кийин абитуриент сертификаттын кагаз түрүндөгү талонун билим алууну каалаган факультеттин мөөр басылган ящигине таштоого тийиш.”;

-2.9-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2.9.  “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн-кабыл алуу” АМС онлайн режимде төмөнкүлөрдү түзөт:”;

-2.10-пунктундагы “кесилген” деген сөз “кагаз жана электрондук” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-3.2-пунктундагы “тактага илинет” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн-кабыл алуу” АМС, ЖОЖдун сайттарына, маалымат такталарына жайгаштырылат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3.3-пунктундагы “кесилген” деген сөз “кагаз жана электрондук” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-3.4-пунктундагы “кесилген” деген сөз “кагаз жана электрондук” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3.10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3.10. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси кийинки күнү эртең мененки саат 10дон кеч эмес “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн-кабыл алуу” АМСте, ЖОЖдун сайтына жана маалымат тактасына илинүүгө тийиш.”;

- 3.11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр  менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна онлайн-кабыл алуу” АМС аркылуу электрондук түрдөгү документтер тапшырылгандан кийин абитуриенттерди ЖРТнын натыйжалары боюнча студенттердин катарына кабыл алууга жол берилет. Абитуриент документтердин түп нускаларын ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясына окуу жылынын башында тапшырууга милдеттүү.”

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                              К.А.Боронов          

Тиркемелер

Басып чыгаруу