Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы № 345 “Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 18-июлундагы № 90 “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы № 345 “Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө жободо:
- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пунктунун б) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“б) стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо боюнча документтер: улуттук стандарттар, алдын ала улуттук стандарттар, стандартташтыруу боюнча эрежелер жана сунуштар, эл аралык, региондук (мамлекеттер аралык) стандарттар, Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары катары кабыл алынган башка мамлекеттердин улуттук стандарттары, региондук эрежелердин жыйындысы жана башка мамлекеттердин эрежелеринин жыйындысы, мамлекеттик жана региондук классификаторлор, башка мамлекеттердин улуттук классификаторлору.”;
- 7-пунктунда:
“з” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“з) Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча документтерин иштеп чыгуу (кабыл алуу) программасы жөнүндө маалыматтарга тийиштүү Дүйнөлүк соода уюмунун Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуусунун жоболорун аткаруу (“Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Маракеш макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы);”;
“и” пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун документтеринин негизинде түзүлүүчү маалыматтык продукция жана кызмат көрсөтүүлөр (стандартташтыруу боюнча документтердин каталогу, стандартташтыруу боюнча маалыматтык бюллетендер).”;
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн иштерди аткарууга өзгөчө укук СМБге берилет.”;
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун документтеринин негизинде түзүлүүчү маалыматтык абонент боюнча кагаз жүзүндөгү же электрондук түрдөгү стандартташтыруу боюнча суралуучу документтерди издөө, тандоо жана керектөөчүлөрдү тейлөө (стандартташтыруу боюнча документтердин каталогу жана стандартташтыруу боюнча ар кварталдык маалыматтык бюллетендер (ушул Жобонун 7-пунктунун “и” пунктчасынын үчүнчү абзацы) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү баалардын прейскурантына ылайык акы төлөнүүчү негизде ишке ашырылат.”;
- 12-пунктунун биринчи абзацы жана 13-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов