“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентин бекитүү жөнүндө
“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Долбоордун катышуучулары өз иштеринде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Регламенттин жоболорун жетекчиликке алышсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор өздөрүнүн актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев