Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 “Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен байланышкан эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу калкты зарыл болгон дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында, “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө”, “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 “Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунда:
- биринчи абзацындагы “Ушул токтом расмий жокко чыгарылганга чейин” деген сөздөр “2020-жылдын 31-декабрына чейин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы “жана медициналык буюмдарды (мында алып келинген дары каражаттары жана медициналык буюмдар өндүрүүчүнүн өлкөсүндө катталган болушу керек)” деген сөздөр “(мында алып келинген дары каражаттары өндүрүүчүнүн өлкөсүндө катталган болушу керек) жана медициналык буюмдарды (өндүрүүчүнүн өлкөсүндө же башка өлкөлөрдө медициналык буюмдар катары жүгүртүлүшү жөнүндө ырастамасы бар)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. 2020-жылдын 31-декабрына чейин Тизмеге киргизилген ташып келинүүчү дары каражаттары жана медициналык буюмдар дары каражаттарынын сапатын баалоо жана медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалоо жол-жобосунан биринчи кезектеги тартипте жана кыска мөөнөттө өтө тургандыгы белгиленсин.
Тизмеге киргизилген дары каражаттарын сериялык контролдон бошотуу критерийи болуп Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик каттоосунун жана дары каражаттары түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн же расмий дистрибьютерлерден алып келингендиги жөнүндө документтик түрдө ырасталган маалыматтардын болушу саналат.”;
3) 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган дары каражаттарынын сапатына баалоо жана медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнү ыкчам тартипте камсыздасын;
- зарыл болгон чараларды көрсүн жана ушул токтомдун өз убагында аткарылышын камсыз кылсын.”.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов