Айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө чийки затты ташып келүүдө төлөнгөн импортко кошумча нарк салыгынын суммасын кайра кайтаруунун тартибин жана шарттарын бекитүү жана Импортко кошумча нарк салыгынын суммасы бюджеттен кайра кайтарылууга тийиш болгон айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө колдонулуучу чийки заттын товардык позицияларынын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2811-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө чийки затты ташып келүүдө төлөнгөн импортко кошумча нарк салыгынын суммасын кайра кайтаруунун тартиби жана шарттары, 1-тиркемеге ылайык;
- Импортко кошумча нарк салыгынын суммасы бюджеттен кайра кайтарылууга тийиш болгон айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө колдонулуучу чийки заттын товардык позицияларынын тизмеси (мындан ары - Тизме), 2-тиркемеге ылайык.
2. Тизме 2024-жылдын 1-январына чейин колдонула тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө салык төлөөчүнүн статусун жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн ырастоо боюнча комиссиянын иштөө регламентин жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин реестрин түзүү тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте айыл чарба канаттуулары жана балык үчүн тоюттарды өндүрүүгө чийки затты ташып келүүдө төлөнгөн импортко кошумча нарк салыгынын суммасын кайра кайтаруунун натыйжалуулугуна туруктуу негизде талдоо жүргүзсүн жана 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Тизмени кайра кароо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2023-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Тизмени кайра кароо боюнча тийиштүү чечимдин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов