КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 375 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын  30-декабрындагы № 736 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Ыктыярдуу патенттин негизинде иштөөчү субъекттерге салык салууну оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 353 жана 354-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын  30-декабрындагы № 736 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө”   токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салыктын базалык суммасын иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде аныктоо ыкмасында: 
- 1 жана 2-пункттарындагы “ишкердикти жүзөгө ашырып жаткан ишкердик субъекттери” деген сөздөр “жеке ишкердикти жана жеке эмгектик ишти жүргүзүүчү субъекттер” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 
- 3-пунктунда:
“ишкердик субъекттерин” деген сөздөр “жеке ишкердикти жана жеке эмгектик ишти жүргүзүүчү субъекттерди” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзацындагы “ишкердиктин” деген сөз “жеке ишкердиктин жана жеке эмгектик иштин” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 4 жана 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. Хронометраждык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салыктын  базалык суммасын эсептөөдө жана белгилөөдө текшерилүүчү субъекттердин төмөнкүдөй көрсөткүчтөрү жана маалыматтары эске алынат: 

1) жеке ишкердик жүргүзгөн: 

- хронометраждык текшерүү жүргүзүү убагында товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн дүң каражаттын көлөмү;

- байкоо жүргүзүлгөн күндөрдүн саны; 

- 1 (бир) күндө товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн дүң кирешенин көлөмү;

- 1 (бир) айда товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн дүң кирешенин көлөмү;

- 1 (бир) айда сатуудан алынуучу салыксыз товар жүгүртүү; 

- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга байланышкан чыгымдар;

- 1 (бир) айда пайдага салык боюнча салык салынуучу киреше;

- 1 (бир) ай үчүн аныкталган пайдага салыктын суммасы;

- 1 (бир) ай үчүн аныкталган сатуудан алынуучу салыктын суммасы;

- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасы;

2) жеке эмгектик ишти жүргүзгөн:

- хронометраждык текшерүү жүргүзүү убагында көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн кирешенин көлөмү;

- байкоо жүргүзүлгөн күндөрдүн саны; 

- 1 (бир) күнгө көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн кирешенин көлөмү;

- 1 (бир) айда көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн кирешенин көлөмү; 

- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык эсептен чыгаруулар;

- 1 (бир) айда киреше салыгы боюнча салык салынуучу киреше;

- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасы.

5. Ыктыярдуу патенттин базалык суммасын эсептөө Салыктын базалык суммасын иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде аныктоо ыкмасынын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык жүргүзүлөт.”;

- 6-пунктунда:

экинчи абзацындагы “ишкердик субъекттерин” деген сөздөр “жеке ишкердикти жана жеке эмгектик ишти жүргүзүүчү субъекттерди” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Оңдоп-түздөлүүгө тийиш болгон ыктыярдуу патенттердин суммасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.”;

  • 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:  

“7. Ыктыярдуу патенттин негизинде жеке ишкердикти жана жеке эмгектик ишти жүргүзүүчү субъекттердин календардык жылдын ичинде КНС боюнча каттоо босогосунан ашып кеткен дүң кирешесинин көлөмү аныкталган учурда салык органдары патенттерди берүүнү токтотот жана бул субъекттерден КНСти төлөөчү катары катталууну талап кылууга тийиш.”;

- Ыкманын тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; 

- Ыкма ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы
 2-тиркеме менен толукталсын. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                                                        К.А.Боронов


Тиркемелер

Басып чыгаруу