КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтому

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө 

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында контролдук-кассалык машиналардын колдонулушун өркүндөтүүнү камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4 жана 109-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

1.    Төмөнкүлөр бекитилсин:   

-   Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартиби, 1-тиркемеге ылайык;  

- Ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмеги, 2-тиркемеге ылайык;   

-   Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптар жана контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар, 3-тиркемеге ылайык;   

-  Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык корутунду берүү жана контролдук-кассалык машиналардын реестрин түзүү тартиби, 4-тиркемеге ылайык;   

-   Фискалдык маалыматтардын операторуна карата талаптар, 5-тиркемеге ылайык;   

-   Контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун типтүү эрежелери, 6-тиркемеге ылайык;   

-  Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында субъекттердин контролдук-кассалык машиналарга өтүү жана колдонуу графиги, 7-тиркемеге ылайык. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 «Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:   

1)  1, 9 жана 10-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;   

2)  11-пунктундагы «2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кире турган ушул токтомдун 1-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларын кошпогондо,» деген сөздөр алып салынсын.  

3.  Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте ушул токтомду аткаруу боюнча чараларды көрсүн.

4.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 31-декабрына чейин колдонуу мөөнөтү менен контролдук-кассалык машиналардын убактылуу реестрин түзсүн жана ага контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга шайкеш келтирүү жол-жоболорусуз ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган жана субъекттер пайдаланган реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналардын моделдерин киргизсин.   

5.  Төмөнкүлөр белгиленсин:  

1)  2020-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында ушул токтом менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга жана контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарга ылайык келбеген контролдук-кассалык машиналар каттоого алынбайт;

2) салык органдарында катталган, реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүү функциясы жок эски үлгүдөгү контролдук-кассалык машиналарды пайдаланган субъекттер алар оң абалда болгон шартта гана 2020-жылдын 1-октябрына чейин колдонууга укуктуу; 

3) ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган жана реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды пайдаланган субъекттер аларды өткөрүү мөөнөтү аяктаганга чейин жана ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген графикте белгиленген шарттарда колдонууга укуктуу;

4) контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен сатып алуучулар же кардарлар менен акчалай эсептешүүлөрдө алдын ала төлөө (аванс) жана аягында төлөө (кредит) сыяктуу кассалык эсептешүү операцияларын аткаруу боюнча субъектке карата талаптар 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

6.  Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

1) 2020-жылдын 1-июлунан тартып: 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө» токтомунун 1-пункту; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 226 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-ноябрындагы № 806 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө»  токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-июлундагы № 116 «Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын моделдерине карата техникалык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;   

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги  № 203 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;  

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 378 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому;  

2) 2022-жылдын 31-декабрынан тартып:  

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 «Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому;  

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 633 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 «Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;   

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 252 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 «Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 324 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 «Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;   

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 «Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун 2-пункту.  

7.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.   

8.  Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

Премьер-министр                                    К.А.Боронов