2020-2021-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмесин жана окууга кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2020-2021-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окутулуучу адистиктердин тизмеси жана окууга кабыл алуу көлөмү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча 2020-2021-окуу жылына кабыл алуу планын бекитсин;
2) 2020-жылдын 10-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республиканын жогорку окуу жайларында мамлекеттик заказды жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчет берсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тиешелүү жылга бюджетте каралган каражаттардын чегинде 2020-2021-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучулар үчүн каражаттарды карашсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр К.А.Боронов