КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 358 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 “Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Эл аралык спорттук аренада Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын жогорулатуучу жогорку спорттук жетишкендиктерге дем берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын  23-ноябрындагы № 554 “Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жободо:

- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:      

“12. Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндардын чемпиондоруна жана байге ээлерине, чоңдор арасындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнөнүн чемпиондоруна ушул Жобонун
 5-пунктунда көрсөтүлгөн стипендияларды төлөө мөөнөтү бүткөндөн кийин өмүр бою төмөнкүдөй өлчөмдөрдө ай сайын стипендия төлөнөт: 

Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндар:

1-орун үчүн – 30 000 (отуз миң) сом;

2-орун үчүн – 25 000 (жыйырма беш миң) сом;

3-орун үчүн – 20 000 (жыйырма миң) сом.

Чоңдор арасындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттар:

1-орун үчүн – 20 000 (жыйырма миң) сом.”;

- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     

“13. Өмүр бою ай сайын төлөнүүчү стипендия ар бир наамга өзүнчө эмес, “Олимпиадалык оюндардын чемпиону”, “Паралимпиадалык оюндардын чемпиону”, “Олимпиада оюндарынын байге ээси”, “Паралимпиада оюндарынын байге ээси”, “Дүйнө чемпиону” титулдары 

үчүн берилет. Мында, эки же андан көп титул алган учурда стипендия эң жогорку суммада бир гана титул үчүн төлөнөт.”.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын  20-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                     К.А.Боронов

Тиркемелер

Басып чыгаруу