КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-июлундагы № 394 токтому

Ал жеткис күч жагдайына байланыштуу субъекттерди мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 2-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Уюмдарга жана жеке ишкерлерге төмөнкүлөрдү берүү мөөнөтү 2020-жылдын 1-октябрына чейин (жазуу жүзүндөгү арыз берүүсүз) узартылсын: 

1) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттуулуктан тышкары, салыктык отчеттуулукту 2020-жылдын экинчи кварталындагы жана/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки отчеттук мезгилдер үчүн;

2)   мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту 2020-жылдын экинчи кварталындагы жана/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки отчеттук мезгилдер үчүн;

3) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчеттуулукту (FORM STI-157) 2020-жылдын экинчи кварталындагы жана/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки отчеттук мезгилдер үчүн.

2.   Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                 К.А.Боронов

Тиркемелер

Басып чыгаруу