Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 “Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарына адамдарды окууга кабыл алуу үчүн укуктук негиздерди түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 “Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун экинчи абзацындагы “уюмуна студенттерди” деген сөздөр “уюмдарына адамдарды окууга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмуна студенттерди кабыл алуунун тартибинде:
- аталышындагы “уюмуна студенттерди” деген сөздөр “уюмдарына адамдарды окууга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7 жана 13-пункттарындагы “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги” деген сөздөр “билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16. КООЖго кабыл алуу жөнүндө арыз берүүдө абитуриент төмөнкү документтерди тапшырат:
- паспортун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн;
- негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүгүнүн же жалпы орто билими жөнүндө аттестатынын түп нускасын же анын дубликатын;
- аскердик билетин же каттоо күбөлүгүн;
- тиешелүү сандагы сүрөтүн (3x4 - 6 даана);
- эгерде абитуриент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдиктерге укуктуу болсо, КООЖдо тийиштүү адистиктер боюнча окууга чектөөлөр болсо башка документтерди.
Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин, чектөө иш-чараларынын (карантин) же ал жеткис күчтүн жагдайларынын таасиринин шарттарында ушул пунктта аталган документтердин түп нускасын кийин берүү менен, абитуренттерден документтерди маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен электрондук түрдө кабыл алууга жол берилет.”;
- 19-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги” деген сөздөр “билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пунктунун экинчи абзацынын биринчи жана экинчи сүйлөмдөрүндөгү “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги” деген сөздөр “билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 24 жана 25-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“24. Маданият, искусство, дене тарбия, архитектура чөйрөсүндөгү адистиктер боюнча окууга кабыл алууда абитуриенттин түздөн-түз катышуусу менен кошумча кирүү сыноолору өткөрүлүшү мүмкүн.
25. Ушул Тартиптин 24-пунктунда аталгандардан тышкаркы адистиктер боюнча кирүү сыноолору негизги жалпы жана (же) жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программаларына ылайык келген программалар боюнча өткөрүлөт.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 251-пункт менен толукталсын:
“251. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин, чектөө иш-чараларынын (карантин) же ал жеткис күчтүн жагдайларынын таасиринин шарттарында ушул Тартиптин 24-пунктунда аталган адистиктерден тышкары, негизги жалпы жана (же) жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программаларына ылайык келген программалар боюнча кирүү сыноолорун аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режимде өткөрүүгө жол берилет.
Мында конкреттүү адистик боюнча окуу үчүн зарыл болгон профилдик предметтер боюнча бааларды эске алуу менен, жалпы орто билими жөнүндө аттестаттагы же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөгү орточо баанын негизинде конкурс өткөрүү аркылуу окууга өтүүчү абитуриенттердин арасынан тандап алууга жол берилет.
Жалпы орто билими жөнүндө аттестаттагы же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөгү орточо бааны жана конкреттүү адистик боюнча окуу үчүн зарыл болгон профилдик предметтер боюнча бааны аныктоо тартиби билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Эгерде бир орунга аттестатындагы же күбөлүгүндөгү орточо баасы жана конкреттүү адистик боюнча окуу үчүн зарыл болгон профилдик предметтер боюнча баалары бирдей болгон абитуриенттер талапкер болсо, КООЖдун кабыл алуу комиссиясы аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режимде алар үчүн кошумча кирүү сыноосун өткөрүүгө укуктуу.”;
- 37 жана 38-пункттарындагы “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине” деген сөздөр “билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 39-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги” деген сөздөр “билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов