КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-июлундагы № 397 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоону өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 1) аталышы “өкүлдөрүнүн” деген сөздөн кийин “, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын” деген сөздөр менен толукталсын;

2) 1-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарындагы “мамлекеттик администрация башчыларынын – райондордун акимдеринин” деген сөздөр “өз алдынча башкаруу органдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо методикасында:   

- 8-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы “мамлекеттик администрация башчыларынын – райондордун акимдеринин” деген сөздөр “өз алдынча башкаруу органдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

4) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын – райондордун акимдеринин ишине “Калктын ишеним индекси” жөнүндө жободо:

аталышындагы “алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - райондордун акимдеринин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

1-пунктундагы “мамлекеттик администрация башчыларынын – райондордун акимдеринин” деген сөздөр “өз алдынча башкаруу органдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;  

5) аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

Премьер-министр                                                                    К.А.Боронов