КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 373 токтому

2019-жылдын 20-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чек ара өкүлдөрүнүн иш участоктору жөнүндө протоколду (карта 1:200 000) бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2019-жылдын 20-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чек ара өкүлдөрүнүн иш участоктору жөнүндө тиркелген протокол (карта 1:200 000) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жогоруда аталган Протоколду ишке ашыруу боюнча жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстан тарапка жогоруда аталган Протоколду н күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                  К.А.Боронов

Тиркемелер

Басып чыгаруу