Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- 4-главасында:
15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
15 | Идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын | ТИМ | ТИМ | Акы төлөнөт |
16-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
17 | Визаларды жана визалык колдоону тариздөө | ТИМ | ТИМ | Акы төлөнөт |
19-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
24 | Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууга коюу жана консулдук эсептен чыгаруу | ТИМ | ТИМ | Акысыз |
30-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- “III. Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында” бөлүмүнүн 19, 21, 28-главалары ушул токтомдун
1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- “III. Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында” бөлүмүнүн 20, 23, 34-главалары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов