КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 258-б буйругу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн БУЙРУГУ

Бишкек шаары, 2020-жылдын 22-июлу № 258-б

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле шайлоо комиссияларына шайлоо кампаниясын уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыз кылууда көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына зарыл болгон финансы каражаттарын республикалык бюджеттен өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздоо боюнча чараларды көрсүн:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда шайлоо участокторун кайтарууну, шайлоо бюллетендерин шайлоо участокторуна ташуунун жана жеткирүүнүн коопсуздугун;

- добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдууларды коопсуз сактоону.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыздоого, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтар менен алмашууга, ошондой эле электрондук башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдары менен камсыздоого, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүгө жана аны актуалдаштырууга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтүшсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте шайлоо процессинин этаптарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу үчүн аракеттердин алгоритмин иштеп чыксын жана ишке ашырсын.

6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:

- республиканын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмелерин тактоо боюнча зарыл иштерди жүргүзсүн жана шайлоочулардын такталган тизмелерин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берсин;

- санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун жана жарандардын ден соолугун коргоонун талаптарын сактоо менен республиканын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча документтерди жана тиешелүү жабдууларды Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине өз убагында жана ыкчам жеткирүүнү уюштурсун.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети шайлоо комиссияларына бөлүнгөн бардык жайларга алардын өрт жана энергетика коопсуздугунун талаптарына шайкештигин текшеришсин жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыздашсын.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү штабдарды түзүшсүн;

- шайлоо комиссиялары үчүн жай бөлүп берүү, аларды автотранспорт, материалдык-техникалык каражаттар жана байланыш менен камсыз кылууга байланышкан маселелерди чечишсин;

- шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүшсүн;

- жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу жана ден соолугун коргоо боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;

- жарандардын сын-пикирлерин, арыздарын, өтүнүчтөрүн жана шайлоо комиссияларынын сунуштарын өз убагында кароону уюштурушсун;

- шайлоо процесси менен байланышкан уюштуруу жана башка чараларды көрүшсүн.

9. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө байланышкан жүктөрдү шайлоо комиссияларына биринчи кезекте жеткирүүнү камсыз кылсын.

10. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн:

- Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарында кызмат өтөп жаткандардын;

- шектүү жана айыпталуучу катары камакка алуу жайларында жүргөндөрдүн.

11. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы, "Кыргыз-Туусу", "Слово Кыргызстана" басма үйлөрү жана "Эркин Тоо" гезитинин редакциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдырышсын.

12. "Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү күнү телерадиоберүүнүн үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу сунушталсын. 

13. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


К.Боронов




Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын
 КУРАМЫ

Мадумаров А.К.

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Республикалык штабдын төрагасы;

Шайлдабекова Н.К.

-

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

Республикалык штабдын мүчөлөрү:

Айдарбеков Ч.А.

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;

Джунушалиев К.А.

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;

Джаманкулов М.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

Жеенбаева Б.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Бейшенов Ж.С.

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;

Аскаров З.М.

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;

Абдикаримов С.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Опумбаев О.Н.

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Тердикбаев Э.Дж.

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Осмонбетов Э.К.

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Исмаилов А.Дж.

-

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Шаршеев У.З.

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

Турганбаев М.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Мамбеталиев А.М.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Ибраимжанов Б.С.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;

Абдрахманов А.О.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Жылкыбаев У.К.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Мирзахмедов Н.С.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Мураталиев М.М.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Алымкулов Э.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Осмоналиев А.Ш.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Намазалиев А.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Суракматов А.Э.

-

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Сарыбашов Т.Н.

-

Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); 

Араев А.М.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Бусурманкулов Э.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Орозалиев А.А.

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Айдарбеков А.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Абдралиева Г.К.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

Эсенгул уулу Чынгыз

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

Тыныстанова М.М.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы;

Конокбаев Д.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын 22-июлундагы № 258-б буйругу тиркеме