КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-июлундагы №390 токтому

Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого  убактылуу тыюу салуу жөнүндө 

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Тиркелген тизмеге ылайык дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды мыйзамсыз экспорттоого бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрүшсүн. 

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 “Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтому;

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-февралындагы № 90 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 “Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 147 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-февралындагы № 57 “Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 207 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 “Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

      5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн. 

      6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                               К.А.Боронов