КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550-токтому

Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө

Өзгөчө кырдаалдарды баалоодо бирдиктүү ыкманы аныктоо максатында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана  17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 850 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


 Премьер-министр                                                     М.Д.Абылгазиев